30.08.2018 16:36

БШК Бишкек мэри Азиз Суракматовго «Кыргызтесттен» өтүүнү сунуштады

БШК Бишкек мэри Азиз Суракматовго «Кыргызтесттен» өтүүнү сунуштады

БШК бүгүн, 30-августта Бишкек мэри Азиз Суракматовго «Кыргызтесттен» өтүүнү сунуштады. Мындай чечимди бүгүн комиссия өз отурумунда кабыл алды.

Буга чейин жарандык активист Канышай Мамыркулова Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын ал кездеги мэрликке талапкер Азиз Суракматов кыргыз тилинде эркин сүйлөй алат деген чечимин жокко чыгарууну талап кылып, арыз жөнөткөн. Активист ошондой эле, Суракматовдун мамлекеттик тилди билүү деңгээлин «Кыргызтест» баалашы керек экенин кошумчалаган.

«Борбордун макамы тууралуу» мыйзамда талапкерлер «Кыргызтест» тутумунан тесттен өтүшү керек деген талап жок. Андыктан, БШК Бишкек мэрлигине талапкерлерди каттоодо бардык шарттар аткарылган, шайлоону уюштуруу мыйзамга ылайык жүргөн деп эсептейт. Бирок, ага карабастан, Боршайком Суракматовго «Кыргызтесттен» өтүүнү сунуштоону жөндүү деп тапты. Жумушчу топтун сунушун БШКнын мүчөлөрү колдоду. Ошондой эле, кошумча пункт менен Ош шаарынын мэрине дагы бул тутумдан тесттен өтүү сунушталды.